Исаков: Коррупциялык иштерди иликтеш керек
![Исаков: Коррупциялык иштерди иликтеш керек](https://gdb.rferl.org/b11e6c7c-9eb8-438a-88ce-2bd719f7f236_tv_w800_h450.jpg)
Журналисттик иликтөөлөр фонду уюштурган Уланбек Эгизбаев атындагы жыл сайын ыйгарылуучу сыйлыктын быйылкы жеңүүчүсү аныкталды. Фонддун Байкоочу кеңешинин чечимине ылайык, бул сыйлык 34 жаштагы Ыдырыс Исаковго ыйгарылды. Исаков 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. 2011-жылдан 2013-жылга чейин "Ынтымак" телерадиокомпаниясында эмгектенген. Исаков алты жылдан бери «Азаттыктын» Ош облусундагы кабарчысы болуп иштеп келатат. Исаков журналисттик иликтөөлөр жөнүндө пикири менен бөлүштү.