ЦИВИЛИЗАЦИЯЛАР КАГЫЛЫШЫ ЖАКЫНДАДЫБЫ!?
Жакында шаардын четки жаккы тараптарынын биринен борбордук аянт тарапка каттай турган маршруткалардын биринин жүргүнчүлөрү узун жолду кыскарткан, кызыктуу, бирок, ошол эле учурда, өлкөнүн өнүгүү келечеги призмасынан караганда, өтө кооптуу болгон симптомго — коомдун диний көз караштар боюнча бөлүнүүсү күч ала баштаганына күбө болушту…