Айсулуу Тыныбекова Францияда өтүп жаткан мелдеште алтын тагынды
Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Францияда өтүп жаткан Grand Prix de France деген аталыштагы эл аралык мелдеште жеңишке жетип, алтын медаль тагынды.
Ал 62 килограмм салмак ченинде финалга чыгып, франциялык балбанды жеңген. Тыныбекова катышкан мелдеш 1-фералда башталган. Ал 3-февралда жыйынтыкталат.
Айсулуу Тыныбекова 2012-2016-жылкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу. 2016-2017-жылдары Азия оюндарында жеңүүчү болгон.
2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарында күмүш медалга татыган. 2017-жылы Франциянын борбору Париж шаарында өткөн дүйнө чемпиондугунда үчүнчү орунга ээ болуп, коло медал тагынган.(BTo)