Ак үй Трамп Гуайдо менен сүйлөшкөнүн билдирди
Ак үйдүн билдиргенине караганда, АКШ президенти Дональд Трамп менен өзүн Вененсуэланын “утурумдук президенти” деп жарыялаган Хуан Гуайдо телефон аркылуу сүйлөшүп, такай байланышта болууну макулдашты.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс 30-январда тараткан билдирүүдө Трамп “Венесуэлада демократия орнотуу үчүн күрөштө өзүнүн бекем колдоосун” күчөткөнү айтылат.
АКШ Венесуэланын улуттук парламентинин төрагасы, оппозициялык лидер Гуайдону “өлкөнүн президенти” деп биринчилерден тааныган.
Орусия баштаган бир катар өлкөлөр президент Николас Мадурону колдоп жатат. Мурдараак Венесуэланын Жогорку соту Гуайдого өлкөдөн чыгууга тыюу салып, анын банк эсептерин камакка алууга чечим чыгарган.
35 жаштагы Гуайдо өткөн аптада өзүн “утурумдук президент” деп жарыялаган.
Мадуро Орусиянын "РИА Новости" агенттиги менен болгон маегинде президент Владимир Путин “ар тараптан колдоо көрсөтүп жатканын” айтты.
Дүйшөмбүдө АКШ Венесуэланын PDVSA мунай компаниясына санкция киргизип, жети миллиард долларлык активин камакка алган.
АКШ ошондой эле Гуайдого америкалык банктардагы Венесуэланын мамлекеттик эсептерин пайдаланууга жол ачкан.
АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Мадурого баш ийген күч органдары Хуан Гуайдонун "коопсуздугуна коркунуч туудурса, ага олуттуу жооп кайтарыларын" эскертти.