Трамп спикердин чет өлкөгө сапарын кийинкиге жылдырды
АКШ президенти Дональд Трамп Конгресс спикери Нэнси Пелоси Брюссель, Египет жана Ооганстанга белгиленген сапарларын кийинкиге жылдырышы керектигин билдирди. Трамптын катынын көчүрмөсү Ак үйдүн "Твиттердеги" баракчасына жарыяланды.
Анда президент спикер «шатдаун» аяктагандан кийин аталган өлкөлөргө барса болорун белгилеген.
29-январда Трамп Конгресске жылдык кайрылуусу менен чыгышы керек. 16-январда Пелоси «шатдаунга» байланыштуу президенттен кайрылуусун кийинкиге жылдырууну өтүнгөн. "CNN" телеканалы Ак үйдөгү булактарына таянуу менен Трамп аны жылдырбай турганын кабарлады. Бирок президентти Конгресске чакыруу чечимин спикер гана кабыл алууга тийиш.
Трамп өлкөнүн түштүк чек арасына дубал куруу үчүн Конгресстен беш миллиарддан ашык доллар сураган. Конгрессте көпчүлүктү түзгөн демократтар буга макул болгон эмес. Мындан улам федералдык өкмөттүн иши жарым-жартылай токтоп турат.
11-январда 800 миңден ашык федералдык жумушчу бир күндүк маянасын алган эмес.