Бишкекте журналисттердин укугун коргогон акция уюштурулду
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын алдына "Супер инфо" гезити менен "Next TV" телеканалынын журналисттери пикетке чыгышты.
18-январдагы акциянын катышуучулары колдоруна "Мен милициянын зөөкүрлүгүнө каршымын", "Тикелей милдетин аткарып жаткан журналистти байлап кетүү жарабайт!" деген чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп алышты.
17-январда Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытай жарандарын өлкөдөн чыгарууну көздөп Ала-Тоо аянтына чыккандардын арасынан айрымдарын милиция алып кеткен. Арасында "Next TV" телеканалынын журналисти Жоодар Бузумов да болгон. Ал митингди түз көрсөтүп жаткан.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тартип сакчылары анын журналист экенин билбегенин, башкармалыкка алып барылгандан кийин коё берилгенин билдирди.
Расмий маалыматта айтылгандай, акцияда кастык козуткан сөздөр айтылганы, митинг белгиленген мөөнөтүнөн ашып, жол тороло баштаганы үчүн катышуучулардын кээ бирлери кармалган.
Эл аралык эрежеге ылайык, митинг-пикеттерди же кооптуу окуяларды чагылдырган журналист "Пресса" деген жазуусу бар кемсел кийип жүрүүгө милдеттүү. Кыргызстанда бул тажрыйба көп колдонулбайт. (BTo\SE)
Кыргызстандык журналисттин этикалык кодекси тууралуу ролик: