Майыптардын укуктары боюнча конвенцияны ратификациялоо мыйзамы экинчи окууда жактырылды
Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети "Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган Майыптардын укуктары жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.
Майыптардын укуктары жөнүндө конвенция 2008-жылдын 3-майында күчүнө кирген. Кыргызстан документке 2011-жылы 21-сентябрда кол койгону менен парламент ушул күнгө чейин аны бекитип бере элек.
Конвенциянын ченемдерин ишке ашырыш үчүн алгачкы 10 жылда 6 миллиард 647 миллион сом керектелет. Анын ичинен иш-чараларга 1 миллиард 575 миллион сом, билим берүүгө, саламаттыкты сактоого, маданий жашоого катышууга, эс алууга, спорт менен машыгууга, инфраструктураны жакшыртууга 5 миллиард 72 миллион сом керектелет.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык 2018-жылдын 1-январына карата Кыргызстандагы майыптардын саны 181 миң адамды түзгөн. Анын 29 миңден көбү 18 жашка чейинкилер. (KR)