Жээнбеков: ЕАЭБ мейкиндигиндеги тоскоолдуктарды жоюшубуз керек
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-декабрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышып жатат. Мамлекет башчы товарлардын, кызматтардын, капиталдардын жана жумушчу күчүнүн ЕАЭБ мейкиндигинде жүрүү эркиндигин ишке ашырып, тоскоолдуктарды жоюу зарыл экенин белгиледи.
- Биз чек арадагы рыноктордо атаандаштыктын абалы жөнүндө маселени талкуулоо маанилүү деп эсептейбиз. Атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууга бөгөт коюу боюнча кабыл алынган чараларды терең талдап, натыйжалуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү эл аралык уюм катары биримдик жөнүндө дайыма оң пикирди калыптандырууга тийишпиз, - деп белгиледи Жээнбеков.
Мамлекет башчы биримдиктин мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу зарыл экенин, кандай гана болбосун тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү жоюу иштин эң маанилүү милдеттеринин бири болуп саналарын кошумчалады.
Кыргызстан 2015-жылы Орусия, Казакстан, Беларус жана Армения кирген Евразия Экономикалык Биримдигине кошулган. Президент Сооронбай Жээнбеков “Россия 24” каналындагы маегинде ЕАЭБге кошулуу туура чечим болгонун айткан. (КЕ)