Эмгек министрлиги Интернетте тараган жөлөкпул боюнча маалыматты жокко чыгарды
![Эмгек министрлиги Интернетте тараган жөлөкпул боюнча маалыматты жокко чыгарды](https://gdb.rferl.org/278FC939-AF6E-41B1-A3BD-2E4A2EA90DD7_w800_h450.jpg)
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Интернеттеги социалдык тармактар аркылуу тараган жөлөкпул боюнча маалыматтын жалган экенин билдирди.
Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, 5-декабрдан тарта WhatsApp мессенжери аркылуу “Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 1991-жылдан 2008-жылга чейин иштегендерге 70 миң сом жөлөкпул берет” деген билдирүүлөр таратылган.
Министрлик мындай маалымат чындыкка дал келбесин билдирип, жарандарды башкаларга таратпоого чакырды. (BkA)