Израилде отуз миңден ашуун адам зомбулукка каршы акцияга чыкты
Израилде 30 миңден ашуун адам нааразылык акцияга чыгып, аялдарга зомбулук көрсөтүүгө каршылык билдиришти.
5-декабрдагы акция бойго жете элек эки кыздын өлүмүнөн кийинки нааразылык акцияларынын уландысы экенин жергиликтүү басылмалар жазышты.
Демонстранттар зомбулукка каршы программага көбүрөөк каражат бөлүүнү бийликтен талап кылып жатышат. Катышуучулардын арасында феминисттик кыймылдын мүчөлөрү, коомдук ишмерлер, музыканттар жана өлтүрүлгөн кыздардын туугандары бар.
Акция Тель-Авивде жана башка шаарларда болду. Айрымдары Бен-Гурион аэропортуна барчу жолду бир сааттай бууп, айрым авиакаттамдар убактылуу токтоп турду.
26-ноябрда Жиш айылынын тургуну 16 жаштагы Аюб Яарынын денеси табылып, кылмышка шек саналып 17 жаштагы жигит кармалган. Ошол эле күнү Тель-Авивде 13 жаштагы Сильвани Цагаи аттуу кыз өлтүрүлгөн. Анын өмүрүнө кол салган адам изделип жатат.