Жабык жайлардагы медициналык тейлөөнүн сапаты талкууланат
![Жабык жайлардагы медициналык тейлөөнүн сапаты талкууланат](https://gdb.rferl.org/2B5FE84A-973E-46D3-B57A-201AF6A67CD1_w800_h450.jpg)
Бишкекте бүгүн, 6-декабрда жабык жайлардагы абал жана медициналык тейлөөнүн сапаты талкууланат.
Акыйкатчы институту билдиргендей, "Парк Отель" мейманканасында өтө турган талкууда Бишкек шаары, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы убактылуу кармоочу жайлар менен тергөө абактарындагы абал тууралуу иликтөөлөрдүн жыйынтыгы чыгарылат.
Иликтөө социологдор, медицина кызматкерлери жана өкмөт алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздоо фонду, Акыйкатчы институту, «Эркиндик үнү» коомдук фонду менен чогуу жүргүзүлгөн. (NT)