Жусуп Абдрахмановго Кыргыз эл баатырын берүү сунушталды
Совет доорунда репрессияланган мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановго Кыргыз Республикасынын баатыры деген наам берүү демилгеси Жогорку Кеңеште көтөрүлдү.
Бул тууралуу депутат Максат Сабиров сунуштады. Анын айтымында, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөлүшү жана чыңдалышына зор салым кошкон ишмер мындай бийик наамга татыктуу. Депутат Жусуп Абдрахмановго бийик наам берүүдөн башка анын ысымын Бишкектеги райондордун бирине жана президенттин алдындагы Башкаруу академиясына ыйгаруу зарылдыгын белгиледи.
Жусуп Абдрахманов 1920-жылдары Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы (өкмөт башчысы) болуп иштеген. Ал Кыргызстандын союздук жумурият макамын алуусу үчүн өзгөчө салым кошкон. СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы Иосиф Сталинге ачык сын айткан.
1930-жылдары Казакстанда ачарчылык өкүм сүрүп турганда Кыргызстанга ооп келгендерди ачарчылыктан сактап калган иш-аракеттери менен белгилүү. Жусуп Абдрахманов контрреволюциячыл жана улутчул деген жалган жалаа менен айыпталып, 1937-жылы сталиндик репрессияга тартылып, кийинки жылы атылып кеткен.(BkA)