АКШ, Мексика жана Канада жаңы соода келишимине кол койду
Жаңы келишимге үч өлкө Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте “Чоң жыйырманын" саммити башталар алдында кол койду. Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, Мексиканын президенти Энрике Пенья Ньето жана Кошмо Штаттардын лидери Дональд Трамп 30-ноябрда кол койгон келишим Түндүк Америкадагы эркин соода жүгүртүү боюнча үч тараптуу келишимди (НАФТА) алмаштырат. Документ дароо күчүнө кирбейт, аны улуттук парламенттер ратификациялашы керек.
Канада, АКШ жана Мексиканын ортосундагы үч тараптуу эркин соода келишими (НАФТА) 1994-жылы күчүнө кирген. Дональд Трамп президент болгондон бери аны Кошмо Штаттары үчүн пайдасыз деп, кайра карап чыгуу зарыл деп билдирип келген.
Бүгүн, 30-ноябрда Аргентинада “Чоң жыйырманын” саммити башталууда.
“Чоң жыйырманын” курамына эң өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан 19 өлкө жана Европа Биримдиги кирет. Аларга дүйнө экономикасынын жалпы өндүрүшүнүн 90% таандык.