Аргентинада “Чоң жыйырманын” саммити ачылганы турат
Эки күндүк жыйында дүйнөлүк экономиканын абалы көтөрүлөт. Андан тышкары бир катар эки тараптуу жолугушууларда саясий да суроолор талкууланары күтүлүп жатат.
Өзгөчө көңүл Керч кысыгындагы кырдаалга бурулары айтылууда. Саммиттин ачылышына Германиянын канцлери Ангела Меркел катыша албай калды. Буга немис өкмөт башчысынын учагынын бузулуп калышы себеп болду. Бейшембиде Буэнос-Айреске багыт алган өкмөттүк учакта мүчүлүштүктөр байкалып, Көлн аэропортуна конууга аргасыз болгон. Ангела Меркел Аргентинага катардагы каттам менен кечигип бара турганы маалым болду.
“Конрад Аденауэр" деп аталган учактын эмнеси бузулганы айтылган жок. Саммиттин алкагында орус президенти Владимир Путин менен Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэнин, Кытай лидери Си Цзинпин менен АКШ президенти Дональд Трамптын жолугушуулары пландалган. “Чоң жыйырманын” жыйыны биринчи жолу Латын Америка өлкөсүндө өтүп жатат.