Дыйканбаев: Карамушкина популизм менен алектенип жатат
Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушканын “Жээнбеков кабыл албай жатат” деп айтканы боюнча "Азаттыкка" комментарий берди. Ал “Карамушкина акыркы кезде популизм менен алектенип, баарын саясатташтырып жатат” деп айтты.
- Карамушкина акыркы кезде микрафонду пайдаланып, популизм менен алектенип жатат. Депутат кайрылганда сөзсүз ал кишинин үнүн жеткиребиз, ал жакта жардамчылары бар. Протоколго ылайык алар президенттин күн тартибин, графигин карашат. Ал премьер-министр эмес да, бүгүн айтса, бүгүн кабыл алгандай. Бул жерде жөн эле популисттик кадам болуп жатат. Муну саясатташтырбаш керек.
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина 29-ноябрда парламент жыйынында КСДПнын мүчөлөрүнө кайрылып, партиянын лидери Алмазбек Атамбаев менен иштешүүнү каалабагандарды партиядан чыгып кетүүгө чакырган. Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго жолугууга аракет кылганда, кабыл албай койгонун билдирген. (КЕ)