Каптагаев: Атамбаевдин ишин баалоо үчүн парламентте комиссия түзүү зарыл
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык ишине баа берүү үчүн Жогорку Кеңеште атайын мамлекеттик комиссия түзүп, укуктук баа берүү зарыл.
Мындай сунушун бүгүн Бишкекте өтүп жаткан "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" курултайында коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев айтты.
Ал мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин ишине саясий баа берилип, аларга "экс-президент" деген макам ыйгарылбаганын эскертип, "ал эми Алмазбек Атамбаевдин убагында кландык башкаруу орногон, натыйжада өлкөдөгү сот түзүмү, прокуратура, күч түзүмдөрү бир кишиге кызмат кылып калган" деп кошумчалады.
Бүгүн бир катар коомдук-саясий ишмерлер жана уюмдар Бишкекте курултай уюштуруп, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык жана азыркы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун иш мөөнөтүнүн алгачкы бир жылына баа берип жатышат. (BTo)