Атамбаев менен Жээнбековдун ишин талдаган курултай "Манас" менен башталды
Бишкекте өтүп жаткан "Кыргызстандын коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрүнүн курултайы" атуу иш-чара "Манас" айтуу менен башталды.
Ушу тапта сахнада манасчы Дөөлөт Сыдыков "Манас" эпосунан үзүндү айтууда.
"Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" деген темада уюштурулган курултайга 19 партиядан 239 адам, 28 коомдук жана жарандык уюмдан 358, ардактуу коноктордон 90 адам жана 28 журналист чакырылганын жыйынды ачып жатып коомдук ишмер, УКМКнын мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди.
Курултайга бийликтен президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары Алмаз Кененбаев жана вице-премьер-министр Жеңиш Разаков да келип катышууда.
Ал эми делегаттар арасынан саясатчылар Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков, Нариман Түлеев, Курманбек Осмонов, Канатбек Исаев жана башкаларды көрүүгө болот.
Кыргызстандын коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрүнүн курултайы аттуу иш-чарада экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бийликтеги мөөнөтүндө жасаган иштери жана учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кызматка киришкен бир жылдыгына баа берилери айтылган. Андан тышкары өлкөдөгү саясий жана экономикалык абал талкууланат.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Чолпонбек Абыкеев, Равшан Жээнбеков, Турсунбек Акун, Асия Сасыкбаева жана башкалар. (BTo)