Британия Брексит боюнча келишимди жактырды
![Британия Брексит боюнча келишимди жактырды](https://gdb.rferl.org/5BDD204D-DB42-4A9B-A246-29D07422562F_w800_h450.jpg)
Британиянын министрлер кабинети Европа Биримдигинен чыгуу жөнүндө келишимдин долбоорун жактырды. Бул тууралуу беш саатка созулган жыйындан кийин премьер-министр Терезе Мэй брифингде билдирди. Жыйында жетишилген келишим падышалыктын улуттук кызыкчылыгын коргой турганын айтты.
- Мен бул өлкө үчүн улутттук кызыкчылыкты коргогон чечим кабыл алууга милдеттүүмүн. Мен бул чечим биздин Бириккен Падышалыктын кызыкчылыгын эң жогорку деңгээлде коргойт деп терең ишенем.
15-ноябрда премьер-министр парламентте билдирүү жасайт.
Би-Би-Синин маалыматына караганда, Брекситтин “катаал” түрүн колдогондор премьер-министрге ишеним көрсөтпөө демилгеси менен Консервативдик партияга кайрылышы мүмкүн.
Лондон менен Брюссель Ирландия менен Түндүк Ирландиянын ортосундагы чек арада катуу текшерүүлөрдү болтурбоону макулдашкан. Эки тарап тең чек аранын жарандар жана жүк ташуу үчүн ачык болушун колдойт. Бирок Лондон Түндүк Ирландия аймагы менен британ аймагынын бажы шарттары башка болушу керек дегенге макул болгон жок.
Британияда Евробиримдиктен чыгуу же шаркетте калуу тууралуу референдум 2016-жылдын 23-июнунда өткөрүлгөн. Добуш бергендердин 51,9 пайызы Брекситти колдошкон.
Шейшемби күнү Брексит боюнча чечим чыгаруунун акыркы күнү болчу. Депутаттардын ар кандай чакырыктарына карабай, экинчи референдум болбой турганы айтылды.
Эгер тараптар бир пикирге келсе, келишим Европарламенттен жана Британ парламентинен колдоо табышы зарыл. Британия Евробиримдиктен 2019-жылдын март айында чыгышы керек.