Жерди трансформациялоо тууралуу жобо күчүнө кирет
![Жерди трансформациялоо тууралуу жобо күчүнө кирет](https://gdb.rferl.org/078BBF51-FFCA-4E32-AFC4-940752DC370F_w800_h450.jpg)
Өкмөттүн жерди трансформациялоо тууралуу убактылуу жобосу 15-ноябрдан баштап күчүнө кирет.
Өкмөттүк аппараттын агро өнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы Алмаз Жээналиевдин “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, жалпысынан 9 миң гектардай жер трансформация болгону жатат, ар бир жер ээсинин арызы өзүнчө каралат.
2005-жылдан кийин Бишкектин айланасындагы бир катар жер тилкелерин өз алдынча басып алуу жолу менен турак жайлар курулган.
Бирок сугат жерге үй салууга мыйзам жол бербегендиктен бул үйлөр мыйзамсыз болуп эсептелип келген. Трансформация тууралуу мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков август айында кол коюп, өкмөткө аны ишке ашыруу тапшырмасын берген.
Өкмөт мекеме аралык комиссия түзүп, жалпы республика боюнча жерлердин контуру, салынган курулуштар боюнча реестрин тактап бүткөндөн кийин убактылуу жобо иштеп чыкты.
Жободо ар бир райондо жана Бишкек менен Оштон башка шаарлардын мэриясында атайын комиссия түзүлөрү, жер ээлери ошол комиссияга кайрылып, жери трансформация болобу же жокпу биле алары жазылган.
Ал эми Бишкек жана Ош шаарынын аймагында трансформацияны күтүп жаткандардын маселеси өзүнчө мыйзам менен чечилмей болду. (RK/КЕ)