Казакстандыктар латын арибинде диктант жазып көрүштү
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматы кабарлагандай, бүгүн латын ариби менен диктант жазуу өлкөнүн бир катар шаарларындагы жогорку окуу жайларында бир учурда өттү. “Жалпы элдик” диктант деп аталган акция жарым саатка созулду.
Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин маалыматына караганда, бул акция учурунда диктант жазуу тексти казак радиосунун түз обосунан угуу жана emle.kz жана tilalemi.kz интернет-сайттары аркылуу да мүмкүн болду.
Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара казак тилинин жаңы латын арибин калк арасында таанытуу максатын көздөдү.
Алматы шаарында Казак-британ техникалык университетиндеги диктант жазуу акциясына жүздөгөн адамдар, көбүнесе студенттер жана шаардык, райондук акимчиликтердин кызматкерлери катышты.
Казакстандын жаңы латын ариби парламентте каралып, президент Нурсултан Назарбаев тарабынан бекитилген. Назарбаевдин буга чейинки билдирүүлөрүнө караганда, өлкө латын арибине 2025-жылга барып өтүшү керек. (UE)