Мэрия: суук күндөрү троллейбустар түнкү 10го чейин иштейт
Бишкектин мэриясы суукка байланыштуу троллейбустар түнкү саат 10го чейин иштей турганын билдирди.
Маалыматка караганда, учурда башкалаада 90 автобус, 121 троллейбус жана 1 806 кичиавтобус жүргүнчүлөрдү тейлеп жатат. 11-ноябрда кар жаагандан бери Бишкекте жол тыгындары күчөдү.
Эртең менен, кечинде элдин көбү жумушка жөнөгөн жана кайткан маалда аялдамаларда топ-топ болуп унаа күтүп тургандарды көрүүгө болот.