Оштогу эс алуу багына 60тай видеокамера коюлду
Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багына алтымыш чакты видеокамера орнотулду.
Шаардык мэриянын маалыматына караганда, видеокамералар эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында коюлду.
Камералар ЕККУнун колдоосу менен сатылып алынган.
Ошто Токтогул Сатылганов, Алишер Навои атындагы эс алуу бактары бар. (MdN)