Навальныйга Орусиядан чыгууга уруксат берилген жок
Адам укуктары боюнча Европа сотунун өкүмүн угуш үчүн Страсбургга бараткан орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйга өлкөдөн чыгууга уруксат берилген жок. Навальный аэропорттогу паспорт текшерген офицерлер "атайын текшерүү чараларын" жүйө келтирип, анын паспортун алып кеткенин 13-ноябрда "Твиттерге" жазды.
"Чек арачылар мага Орусиядан чыгууга болбой турганын айтып жатышат. Өлкөдөн чыгууга тыюу салган кандайдыр бир кат бар экен. Бирок түшүндүрмө жок", деп жазды Навальный.
Кремлди сындап келген саясатчы ал каттын сүрөтүн өзүнүн сайтына жарыялады. Орусиянын расмий органдары бул боюнча комментарий бере элек.
Страсбургдагы сот Навальныйдын Орусияга карата арызы боюнча 15-ноябрда акыркы чечимин жарыялаганы турат. Оппозициячыл активист бул арызында Орусияда 2012-жылдан 2014-жылга чейин өзүнө каршы чыккан камакка алуу, административдик чара көрүү сыяктуу чечимдердин саясий мотиви бар экенин, мындай аракеттер анын укугун бузганын жүйө келтирген.
Өткөн айда Алексей Навальный өкмөткө каршы нааразылык акцияларын уюштурганы үчүн 50 күндүк абакта отуруп чыккан болчу.