Комитет Өзбекстандагы элчи кызматына Жунусовдун талапкерлигин жактырды
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети бүгүн, 13-ноябрда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматына Ибрагим Жунусовдун талапкерлигин жактырды.
Жунусовду бул кызматка Тышкы иштер министрлиги сунуштаган.
Ибрагим Жунусов 2014-жылдан бери Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп иштеп келатат.
Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Данияр Сыдыков 2018-жылдын март айында президенттик аппараттын тышкы иштер саясаты бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган.