АКШ: Лос-Анжелестеги атышууда 12 киши набыт болду
Лос-Анжелестин четиндеги бардагы кол салуудан 12 адам көз жумуп, 12 адам жарадар болду. Өлгөндөрдүн арасында Вентура округунун шерифи да бар. Бул тууралуу америкалык басылмалар кабарлашты. Ок атуу шаршемби күнү кечинде болгон.
Полициянын өкүлү “Los Angeles Times” басылмасына куралчан адам 30 жолу ок атканын маалымдады. Күбөлөрдүн биринин айтымында, кылмышка шектүү кафеге тумчуктуруучу түтүн гранатасын да ыргыткан. Кол салуу болгон учурда ал жерде студенттик кече өтүп жаткан жана имараттын ичинде жүздөгөн адам болгон.
Кол салган адамды полиция атып өлтүргөн. Анын ким экени жана бул кадамга эмне үчүн барганы азырынча белгисиз.