Бишкекте 32 жаштагы аял дайынсыз жоголду
Бишкек шаарынын тургуну, 32 жаштагы Султанбекова Элвира Мырзабековнаны туугандары эки айдан бери издеп жатат.
Ал 3-сентябрда "Бишкек-Нан" заводунун аймагындагы тигүү цехинен чыккан бойдон дайынсыз жоголгон. Туугандары Октябрь райондук Ички иштер бөлүмүнө 20-сентябрда кайрылган.
Сүрөттөгү аялды көргөн-билгендер төмөнкү телефондорго чалып, кабар берсе болот: 0 312 54 41 84, 0 552 15 30 30, 0 709 72 05 28, 0 777 01 19 70.