"Жунда" заводунун жумушчулары укуктары бузулуп жатканын айтышты
Кара-Балта шаарында жайгашкан мунайды кайра иштетүүчү "Жунда" заводунун жумушчулары ишкананын жетекчилиги эмгек укуктарын одоно бузганын билдирип жатышат.
Заводдун кесиптик кошуундар уюмунун төрагасы Нурбек Сулайманов жумушчуларга шарт түзүү, маянаны теңдештирүү жана зыяндуулук үчүн төлөм киргизүү сыяктуу талаптарга жетекчилик көңүл бурбай жатканын маалымдады:
- Эки-үч жылдан бери эле биздин негизги көйгөй - жумушчуларга зыяндуу шартта иштегени үчүн кошумча акча төлөп берүүнү талап кылып келебиз. Мындан сырткары маянаны теңдештирүү жана жумуш кийимдери менен убагында камсыздоо сыяктуу маселелер көтөрүлгөн. Ал талаптардын бирөө да аткарылган жок. Жакында Искендер Мамыркулов деген жумушчу видео кайрылуу жасаганда ага каршы куугунтук күчөдү. Анан биз аны коргоп чыктык. Андан кийин жетекчилик бизге да кысым көрсөтө баштады.
"Жундада" ширетүүчү-механик болуп иштеген Искендер Мамыркулов мурдараак Интернетте мамлекеттик органдардын чыгарган тыянактарын кытайлык инвестор аткарбай жатканы тууралуу президентке жана парламентке видео кайрылуу менен чыккан. Ал ошондон кийин иштен кеткенин кабарлады.
Экономика министрлиги "Жундада" иштегендердин эмгек укуктары бузулуп жатканы тууралуу кабары жок экенин, бирок акыркы билдирүүлөр боюнча териштирүү боло турганын билдирди. Маалыматка караганда, завод "жумушчулардын 80 пайыздан ашыгы жергиликтүү тургундар болсун" деген талапты аткарып жатат. Заводдун жетекчилиги "жумушчулардын эмгек укуктары бузулуп жатат" деген дооматтарды четке какты.
Кара-Балтадагы "Жунда" заводу жылына 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө ыңгайлашкан. Анын негиздөөчүсү кытайлык “Чайна Петроль Жунда” компаниясы заводду курууга 300 миллион доллар инвестиция жумшаган.
Буга чейин "экологияга зыян келтирип жатат" деген негизде "Жундага" жергиликтүү тургундар нааразылык билдирип чыккан.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги шаардагы абаны жана топуракты текшерип, заводдун ишинен экологияга зыян келбегенин жарыялаган. Бирок жергиликтүү тургундардын бул ишканага нааразылыгы токтой элек. (KJ/NT)