Икрамжан Илмияновго сырттан айып тагылганы кабарланууда
Кыргызстанда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго коррупция боюнча сырттан айып тагылганы кабарланууда. 18-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын Илмияновду камакка алуу тууралуу өтүнүчүн канааттандырганы маалымдалып жатат.
Биринчи май райондук сотунун судьясы Алмаз Калыбаевдин колу коюлуп, соттун мөөрү басылган чечимдин көчүрмөсү интернетте тарады. Анда Илмияновго сырттан айып тагылганы, ал "УКМКнын тергөө абагына камакка алынсын" деген чечим жазылган.
Илмиянов тергөө органдарына алып келингенден кийин анын кармалышынын негиздүүлүгү менен мыйзамдуулугун аныктоо үчүн сотко 48 сааттын ичинде жеткирилиши керектиги, чечимге каршы беш күн ичинде Бишкек шаардык сотуна даттанууга болоору да белгиленген.
Илмияновго эмненин негизинде айып коюлганы так жазылган эмес. Улуттук коопсуздук комитети, сот органдарынан жана ал мүчө болгон КСДП партиясынан комментарий алууга азырынча мүмкүн боло элек. Сот чечимин интернетке ким таратканы белгисиз.
"Шопур" деген каймана ат менен таанылган жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары айтылган Икрамжан Илмияновдун кайда экени тууралуу так маалымат жок. (NT)