БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура кызматынан кетүүдө
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура ноябрда кызматынан кеткени турат. Сириянын, Орусиянын жана Ирандын күчтөрү өлкөнүн көпчүлүк аймагын өз көзөмөлүнө алган соң 7 жылдан бери уланып келаткан жарандык согушка чекит койгон келишимге жетишүү бүдөмүк болуп калды. Бул вазиайпаны 4 жыл аткарган дипломат “жеке себептерден” улам кетип жатканын шаршембиде билдирди. Де Мистура кызматын тапшыргыча мурдагыдай эле иштей берерин, Сириянын бардык саясий күчтөрү жана катмарлары кирген конституциялык кеңеш түзүүгө салым кошууга аракеттенерин айтты.
Буга чейин БУУнун Сирия боюнча чабарманы БУУнун мурдагы баш катчысы Кофи Аннан жана алжирдик ардагер дипломат Лахдар Брахими болгон. Экөө тең согушту токтотуу аракеттеринен майнап чыкпай калганда кызматтарынан кетишкен.
Батыш лидерлери президент Башар Асад бийликти бөлүштүрүү тууралуу келишим түзүп, жаңы шайлоо жарыялабаса, уруштан талкаланган өлкөнү кайра куруш үчүн акча берилбей тургандыгын айтышууда.