Кылмыштардын бирдиктүү реестри декабрда тесттик режимде иштей баштайт
Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри быйыл декабрь айында тесттик режимде иштеп баштайт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кылмыштарды эсепке алуунун электрондук китебин жана бирдиктүү реестрин киргизүү маселеси боюнча жыйында айтты.
Жаңы жылдан тарта Кыргызстандын мыйзамдарында кылмыш ишин козгоо институту жоюлат жана сотко чейинки өндүрүш бирдиктүү реестрге маалыматтарды киргизген учурдан башталат.
Өкмөт бул чара жарандардын укуктарын жана эркиндигин камсыздоого багытталарын, себеби тартип коргоо органдарынын аракеттери билдирүүнү каттаган учурдан баштап Жазык-процессуалдык кодекстин талаптарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш экенин, ал эми процесстин катышуучулары сотко чейинки өндүрүштүн бардык баскычтарында жактоочулардын кызматтарын колдоно алышарын айтууда.
Реестрди киргизүү үчүн Башкы прокуратурага 102 млн сом, Ички иштер министрлигине 6 млн сом, Жаза аткаруу кызматына – 21 млн сом бөлүндү. (RK)