Норвегияда орусиялык жаран тыңчылыкка айыпталып кармалды
![Норвегияда орусиялык жаран тыңчылыкка айыпталып кармалды](https://gdb.rferl.org/BEB7F7F6-5AB3-473B-8259-5B2E92D419AB_w800_h450.jpg)
Норвегиядагы Орусиянын элчилиги 21-сентябрда Ослонун аба бекетинен орус жараны "чалгын ишмердигине" айыпталып камакка алынганын ырастады. Элчилик орус жаранынын кармалышын "ойлонуп табылган" жана "болбогон бир шылтоо" менен ишке ашты деп билдирүүдө. Кармалган адамдын аты-жөнү айтыла элек.
51 жаштагы Орусиянын жараны парламент уюштурган маалыматтарды санариптештирүү конференциясына катышкан. Анын жүрүм-туруму атайын кызматтарга шектүү көрүнгөндөн кийин эки аптага кармоо чечими кабыл алынган. Орус жараны өзүн күнөөсүз деп эсептейт.