Ирандын министри Идлибге чабуул алдында Дамаскка барды
Мохаммад Жавад Зарифтин Сирия борборуна сапары өкмөттүк күчтөр Идлиб провинциясына аскерий чабуулду баштайын деп турган учурга туш келди. Ирандын тышкы саясий мекеме башчысы Дамаскта Сириянын президенти Башар Асад менен да сүйлөшүүлөрү белгиленген.
Түркия менен чектешкен Идлиб провинциясы - президент Башар Асаддын режимине каршы козголоңчулардын акыркы маанилүү таянычы.
Асадды колдогон Орусия жана Иран "Идлибде террорчулар бар жана аймак алардан тазаланышы керек" деп эсептейт. Бирок мамлекеттик катчы Майк Помпеонун 31-августта билдиргенине караганда, АКШ Асаддын күчтөрүнүн Идлибге чабуулун "Сирия согушунун курчушу" катары кабыл алат.
Мамлекеттик департамент эгер Сирия аскерлери буга чейинки чабуулдардай эле химиялык курал колдонсо, Вашингтон жооп чара көрөрүн да эскерткен.
Идлиб провинциясында жана анын айланасында үч миллиондой киши жашайт. Улуттар уюму аскерий чабуулдан улам 800 миңдей адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болоорун билдирди.
Сириядагы соңку кырдаалды талкуулоо үчүн Иран, Түркия жана Орусиянын лидерлери 7-сентябрда Тегеранда жолугушат. (UE)