Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарында күмүш медалга ээ болду
Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөштөн күмүш медалга ээ болду. Ал 62 килограммга чейинки салмакта алтын медал үчүн монголиялык балбан кыз Орхон Пуревдорж менен күч сынашып, 11:0 эсебинде утулуп калды.
Жарым финалда Тыныбекова индиялык атаандашы Малик Сакшини (Malik Sakshi) 8:7 эсеби менен утуп чыккан эле.
Айсулуу Тыныбекова Орхон Пуревдорж менен 2016-жылы Астанада өткөн Олимпиадага тандоо мелдешинде күрөшүп, жеңишке жетишкен.
Тыныбекованын медалы быйылкы Азия оюндарындагы Кыргызстандын капчыгына түшкөн экинчи күмүш байге болду.
20-августта кыргызстандык балбан Магомед Мусаев Кыргызстандын эсебине алгачкы байгени алып келген. Ал эркин күрөш боюнча 97 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, күмүш байгеге ээ болгон.
18-августта башталган Жайкы Азия оюндары 2-сентябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандан жалпы жонунан 150 спортчу катышып жатат. XVIII Азия оюндарынын программасында спорттун 40 түрү бар. Кыргыз спортчулары спорттун 28 түрү боюнча күчтөрүн сынайт.