Норвегиялык министр талаштуу жеке сапарлары үчүн иштен кетти
Норвегияда өкмөт мүчөлөрү өз алдынча кайсы өлкөгө барбасын, бул тууралуу өкмөткө маалымат бериши керек. Ошондой эле аларга Норвегия менен коопсуздук тармагында кызматташпаган өлкөлөрдө өкмөттүн телефондорун колдонууга тыюу салынган.
Санберг Ирандан келгенден кийин ага телефонун чалгын кызматына өткөрүп берүү ташырмасы берилген. Атайын кызмат аппаратты текшерип чыкмакчы.
Норвегияда Иран, Кытай жана Орусия "тыңчылык кылышы мүмкүн" деген өлкөлөрдүн тизмесине киргизилген.
Пер Сандберг Норвегиядагы иммиграцияга каршы саясатты жактаган "Прогресс" партиясынын төрага орун басары. Ал өкмөттүн протоколун эмне үчүн бузганын түшүндүргөн жок.