Тажикстандагы туристтердин сырдуу өлүмү
Тажикстанда туристтердин өлүмүнө шектүү катары изделип жаткан үч адам коопсуздук күчтөрүнүн атайын операциясы учурунда жок кылынды. Бул тууралуу Тажикстандын Ички иштер министрлиги кабарлады. 29-июлда өлкөнү велосипед менен жүргөн чет өлкөлүк туристтердин тобун Дангара районунун аймагында машине тебелетип кеткен. Андан Нидерланд менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болуп, дагы үч чет өлкөлүк жабыркаган. Бул атайын жасалган кол салуу катары да каралып жатат.