MH370 каттамы эмне себептен жоголгону аныкталган жок
Малайзиялык иликтөөчүлөр тобу төрт жыл мурда MH370 каттамындагы учактын дайынсыз жоголушунун себептери алигиче аныктала электигин билдиришти. Курамына эл аралык эксперттерди камтыган топ 30-июлда өз баяндамасын жарыялады. Ал баяндамада учактын эмне себептен жоголгону так белгисиз экени, бирок "үчүнчү тараптын кийлигишүүсү болгон деген жоромолдор четке кагылбай турганы" жазылган.
2014-жылдын 8-мартында Куала-Лумпурдан Бээжинге учуп бараткан "Малайзия аба жолдору" компаниясынын "Боинг-777" үлгүсүндөгү учагы бортундагы 239 адамы менен кошо Түштүк Кытай деңизинин үстүндө дайынсыз жоголгон.
19 адамдан турган иликтөөчүлөр тобу учак байланыш үзүлгөндөн жети саат өткөндөн кийин багытын өзгөрткөнүн кайра кайталашты. Алар учактын калдыктары табылса гана MH370 каттамы кандай тагдырга туш болгонун айтса болорун билдиришти.
Малайзиялык учактын жүргүнчүлөрүнүн жакындары окуянын так себептерин айта албаганы үчүн өкмөткө нааразылыгын билдирип жатышат.
Эксперттер учак деңизге кыйрап түшүшү мүмкүндүгүн билдиришкен. Бирок Индия океанынын аянты 120 миң чарчы чакырымдай аймагында авиациянын тарыхындагы эң ири издөө операциясы так жыйынтык берген жок. Малайзия, Кытай жана Австралия 2017-жылдын январь айында издөө иштерин токтоткон.