Коопсуздук кеңеши Ооганстандагы кол салууларды айыптады
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши "Талибан" кыймылы менен "Ислам мамлекети" радикал тобунун Ооганстандагы шайлоону үзгүлтүккө учуратуу максатын көздөгөн кол салууларын айыптады.
Кеңештин мындай билдирүүсү 22-июлда Кабулдагы жанкечти жардыруусунан 23 киши мерт болгондон кийин жарыяланды. Ал билдирүүдө "Ооганстандын улуттук армиясы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн эр жүрөктүк көрсөтүп жатканы" баса белгиленген.
Жекшембиде Кабул эл аралык аэропортунда болгон жардырууга "Ислам мамлекети" тобу жоопкерчилик алган. Бул окуя Ооганстандын бозгунда жүргөн вице-президенти Абдул Рашин Достум өлкөгө кайтып келген учурга туш келген.
БУУнун Ооганстандагы миссиясынын маалыматы боюнча, 2018-жылдын биринчи жарымында өлкөдөгү жардыруулар жана куралдуу кол салуулардан 1700дөй жайкын тургун мерт болду.
Ооганстанда парламенттик жана жергиликтүү шайлоолор 20-октябрга белгиленген. 2019-жылы президенттик шайлоо өтмөкчү.