Уланбек Эгизбаевдин бутундагы тактар экспертизадан өткөрүлүп жатат
"Азаттыктын" журналисти Уланбек Эгизбаевдин эки бутунда байкалган тактардын чоо-жайын соттук-медициналык экспертиза текшерип жатат.
Жакындарынын өтүнүчү менен маркумдун сөөгү экспертиза үчүн 23-июлга караган түнү Чолпон-Атадан Бишкекке жеткирилген. Сөөктү ачуу 23-июлда саат 9да башталып, ага "Азаттыктын" кабарчысы Токтосун Шамбетов менен маркумдун досу Каниет Жыргалбеков катышкан.
Токтосун Шамбетов Эгизбаевдин бутундагы тактарды Чолпон-Атадан эле байкап, аны милициянын протоколуна коштурганын билдирди.
Анын айтымында, сөөк Бишкекке жеткирилгенден кийин анын бутундагы тактарды Жогорку Кеңеш депутаттары Жанар Акаев, Абдывахап Нурбаев да көргөн. Соттук-медициналык эксперттер сөөктүн ошол бөлүктөрүн иликтөө үчүн кесип калышкан. Азырынча экспертизанын толук тыянагы чыга элек.
Буга чейин Соттук-медициналык экспертиза борбору жүргүзгөн иликтөөнүн баштапкы жыйынтыгында журналист "чөгүп өлгөнү" кабарланган. Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Ата шаарында ооруканада каза болду. Ал Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатында эс алууга барган жеринен сууга чөгүп, башка эс алуучулар тарабынан жээкке чыгарылган.
Уланбек Эгизбаев соңку эки айда Улуттук тарых музейиндеги мумия баш болгон экспонаттардын чоо-жайын, Бишкекте жана анын тегерегинде өрчүп кеткен көрүстөн сатуу бизнесин иликтеп чыккан.
Айрым учурларда ага телефондон коркутуп-үркүтүү, түшүнүксүз каттар келгени маалым болгон.
28 жаштагы Уланбек Эгизбаев Нарын облусунун Кочкор районунда туулган. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУдан саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. "Азаттык" радиосунда 2013-жылдан тартып иштеп келген. Маркум ата-энесинин төрт кыздан кийин көргөн жалгыз уулу. Артында ата-энеси, эжелери жана кош бойлуу жубайы калды. Сөөгү 24-июлда саат 10.00дө өзү туулуп-өскөн Кочкордун Көк-Жар айылына коюлат.