Кабул аэропортунда вице-президент Достум сүргүндөн келген учурда жарылуу болду
Ооганстандын Ички иштер министрлиги билдиргендей, жанкечти жардырууну Кабулдагы эл аралык аэропорттун кире беришинде жасады.
Жардыруу сүргүндөн кайткан вице-президент Абдул Рашид Достумду тосуу үчүн чогулган жүздөгөн адам аэропорттон кете баштаган учурда болду.
Андан кеминде он адам өлгөнү же жаракат алганы кабарланууда.
Аэропорттон брондуу унаа менен кеткен Достум өзү, анын өкүлүнүн айтымында, жабыркаган жок.
Ал Кабулга өз эрки менен Түркияда бир жылдан ашуун убакыт өз ыктыяры менен сүргүндө жүргөн соң кайтып келди.
Ооганстандагы өзбек азчылыгынын лидери, аскерий колбашчы Достум 2017-жылы саясий атаандашын уурдоого, уруп-сабоого, кыйноого, зордуктоого буйрук берди деп айыпталган.
Ушундан кийин Достум өлкөдөн кетип, Ооганстандын Башкы прокуратурасы кылмыш ишин да ачкан эле.
Ал өзү мындай айыптоолорду четке кагып, Ооганстандан кетишин саламаттыгына жана үй-бүлөлүк себептерге байланыштырган.
Эми Достум Түркиядан мекенине кайткан соң ага расмий айып коюлар-коюлбасы анык эмес. Ооган өкмөтүнүн өкүлү “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна “укуктук маселелер мыйзамга ылайык жүргүзүлөт” деп маалымдаса, президенттик кеңсенин басма сөз өкүлү Харуун Чахансури вице-президент дарыланып келген соң эми ишиy уланта аларын билдирди. (UE)