Трампка актанууга туура келди
АКШнын президенти Дональд Трамп Хелсинкиде орус президенти Владимир Путин менен жолуккандан кийинки басма сөз жыйынында айткан сөзүн кайра артка алды. Ал анда Орусиянын 2016-жылкы америкалык президенттик шайлоого кийлигишкени боюнча АКШнын чалгын кызматтарынын буга чейинки бүтүмүн колдобогону үчүн мекенинде саясий чөйрөнүн эки тарабынан тең кескин сынга, айыптоого кабылган эле. Ак үй сыртына ага каршылар нааразылык акциясына да чогулган. Трамп менен Путиндин апта башындагы жолугушуусунун жуп алдында АКШда Орусиянын Башкы аскерий чалгын мекемеси - ГРУнун он эки офицерине расмий айып коюлган. Алар 2016-жылы шайлоо алдында Демократиялык партиянын компьютерлик түйүндөрүн хакерлик жол менен бузууга аралашканы үчүн күнөөлөнгөн.