Былтыр 1100дөй эне төрөт үйүнөн сырткы жайларда көз жарган
![Былтыр 1100дөй эне төрөт үйүнөн сырткы жайларда көз жарган](https://gdb.rferl.org/B03F177C-3867-49B4-8026-F6E90ACED0F2_w800_h450.jpg)
Кыргызстанда өткөн жылы 155 миңден ашуун төрөт катталса, алардын 1100дөн көбү төрөт үйүнөн сырткары, үйүндө, жайлоодо, жолдо көз жаргандар. Ушундай шарттардан улам былтыр 48 эне төрөт учурунда жана андан кийинки бир ай ичинде каза болгон. Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун акушер-гинекологу Наргиза Ормонбекова “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, төрөттөн көз жумгандардын 70% өлкөнүн түштүк аймагында катталган. Жети келин бир да жолу дарыгердин кароосунда болгон эмес, 36сы үй кожойкеси.
3-июлда Бишкек шаарындагы №2 төрөткананын короосунда кош бойлуу аял көз жарган. 7-июлда Ош-Екатеринбург каттамында бараткан кыргызстандык келин учакта төрөгөн. Экөө тең айы-күнүнө жетип көз жарган. (КЕ)