Пакистанда экс-премьер-министр Наваз Шариф кызы экөө камалды
Пакистандын буга чейин үч жолу өкмөттү жетектеген Наваз Шариф кызы Мариям Наваз экөө Лахор шаарындагы эл аралык аэропортко жума күнү кечинде келип конгондо камакка алынды.
Анын учагы жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат тогуздарда конду. Ага чейин эле аэропорт курчоого алынып, коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Шарифтин миңдеген тарапташтары аэрпорттун айланасында топтолуп турушту. Бийлик Лахордогу интернетти чектеп, аэропортко барчу жолдорду тороду.
Бир жыл мурда коррупцияга айыпталып өкмөт башчылыктан алынган Шариф Лондондо кымбат баалуу батирлерди мыйзамсыз алганы үчүн күнөөлүү деп табылып, өткөн аптада 10 жылга эркинен ажыратылган. Анын кызы Мариям да 2016-жылы ачыкка чыккан "Панама кагаздары" чуусунан улам жети жылга кесилген. Өкүм чыккан маалда экөө тең Британияда жүрүшкөн. Алар эки күн мурда Пакистанга кайтарын билдиришкен.
68 жаштагы Наваз Шариф өзүнө жана балдарына коюлган айыптарды четке кагып, "саясий куугунтук" катары баалап жүрөт.