Шаардык кеңеште Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө демилгеси көтөрүлдү
Бишкек шаардык кеңешинин бүгүнкү кезексиз жыйынынын күн тартиби бекитилип, сессия башталды. Шаардык кеңештин төрагасы Алмазбек Кененбаев калаада бийлик кризиси болуп жатканы үчүн чукул сессия чакырылганын билдирди.
Жыйындын башында вице-мэр Бакыт Дүйшенбиев мэрдин милдетин аткарып жатканын билдирди. Ал шаардагы иштер менен тааныштыра турганын айтты. Андан кийин депутаттар Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөөнү сунуштап, аны бардык депутаттар колдоду. Учурда бул демилге добушка коюлду. Ибраимовдун өзү жыйынга келген жок.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарындагы саясий абал, мэриянын иши, аткаминерлерге козголгон кылмыш иштерине байланыштуу бүгүн шаардык кеңештин кезексиз сессиясын чакырууну беш фракция сунуштаган. Регламент боюнча фракциялар мэрге ишеним көрсөтпөө сунушун талкууга коё алат.
Буга чейин биринчи вице-мэр Ринат Макенов Бишкектин 12-кичи районундагы 3,38 гектар жерди "мыйзамсыз бөлгөн" деген негизде камалган. Аны менен кошо мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзаканов да камакка алынган.
Кечээ мэр Албек Ибраимов Кыргызстандан качып кеткени тууралуу кабар тарап, мэриянын басма сөз кызматы аны четке какты. Мекеме Ибраимов 10-июлдан 8-августка чейин эмгек өргүүсүнө чыкканын маалымдады.
"ТНК Дастан" ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу шектелип жаткан Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) 13-июнда сурак берип чыккан. Факты боюнча 30-майда Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү өзүнө ээлеп алуу жана коротуу") менен кылмыш иши козголгон. (ErN)