Астанада полиция ачкачылык жарыялаган үлүшчүлөрдү кармап кетти
3-июлда Астана полициясы шаардагы «Комсомольский» турак-жай комплексинин курулушун бүткөрүү талабы менен акцияга чыккан бир нече үлүшчүнү кармап кетти.
Комплекстин курулушуна акча берип койгон үлүшчүлөр курулуш компаниясынын аракеттерине нааразылык билдирип, ачкачылык жарыялашты.
Үлүшчүлөрдүн акциясы башталганына бир саат боло электе полиция менен прокуратура кызматкерлери келди. Астананын Есил райондук прокуратурасынын орун басары Сергей Смолин чогулгандарга алардын бул аракети «уруксат берилбеген акция экенин» эскертип, андан соң үлүшчүлөр кармалганын "Азаттыктын" казак кызматы жазып чыкты. Чогулгандар полициянын аракетин "мыйзамсыз" деп эсептей тургандыктарын айтышты.
Акцияга чыккандар «Турак жай алиппеси» компаниясынын жетекчилигине алданып калышканын буга чейин бир канча жолу билдиришкен. 2016-жылы аталган компаниянын жетекчилери акча уурдоого айыпталып камалган.