Иранда суунун тартыштыгына каршы митинг өттү
Ирандын Коррамшар шаарында ишембиде таза суунун тартыштыгына нааразы болуп чыккан жүздөгөн кишилер менен полиция кагылышты. ИРНА агенттиги 1-июлда кабарлагандай, акция катышуучулары өкмөткө каршы чакырык менен чыгышкан. Полиция көздөн жаш чыгаруучу газ колдонгон соң эл аларга таш ыргытып, башаламандык түнү бою уланды. Социалдык тармакка тараган видеодо октун үнү жаңырган. Курмандыктар тууралуу маалымат жок.
20-23-июнь күндөрү Абадан шаарында да жүздөгөн кишилер суунун тартыштыгына нааразы болуп митинг кылышкан.
Хузестан аймагынын аткаминерлери Абадан жана Коррамшар шаарларында бир нече жумадан соң суу маселеси чечилерин, суу түтүктөрү оңдолорун убада кылган.
Иран бийлигинин сынчылары өкмөттүн чарбалык иштеги кемчиликтеринен улам дарыяларда суунун нугу азайып, ичүүчү суу маселеси курчуп баратканын белгилешет.