ТИМ: Москвадагы жол кырсыгына шектүүнүн иши объективдүү тергелишине аракеттенебиз
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана Орусиядагы элчилик Москвада жол кырсыгына айыпталып жаткан кыргызстандык жарандын иши объективдүү тергелишине болгон аракетин көрөт. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын башкы дипломатиялык мекемесинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди.
Ал “Кармалган жараныбызга сөзсүз түрдө укуктук-консультациялык жардам көрсөтүлөт” дейт:
- Кыргызстандын жаранынын катышуусу менен болгон окуядан кийин Москвадагы элчилигибиз аны менен байланышып, тиешелүү укуктук-консультациялык жардам берүүгө аракет кылып жатат. Бул иш Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө турат.
Москванын полициясы Ильинка көчөсүндө 16-июнда болгон жол кырсыгына байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Мекеменин маалыматына караганда, кырсыктан жети адам жабыркады, алдын ала маалыматка караганда, таксинин айдоочусу рулду башкара албай калып, тротуарга чыгып кеткен. Полиция кылмышка шектүүнүн жарандыгы жана аты-жөнү тууралуу азыркы тапка чейин расмий маалымат бере элек.
Орусиялык маалымат каражаттары айдоочу кыргызстандык жаран, 28 жаштагы Анарбек уулу Чыңгыз экенин кабарлашты. Адегенде айдоочу мас болчу деген кабар тарап, кийин бул маалымат такталган жок, ал уктап кеткени айтылды.
“Москвада жол кырсыгына айыптуу деп шектелип жаткан адам мурда кылмыш жообуна тартылган эмес жана издөөгө да алынган эмес” деп Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков билдирди. Анын айтымында, эки кыздын атасы Анарбек уулу Чыңгыз Аксы районунун Кош-Дөбө айылында туулган, 2003-жылы үй-бүлөсү менен Бишкекке көчүп келген, сонку кезде келинчеги менен Орусияда иштеп жаткан. (RK)