Футбол-2018: Аргентина Исландия менен тең ойноду
Футбол боюнча чемпионаттын алгачкы тайпалык оюндары уланууда. 16-июнда “D” тайпасындагы оюнда курамына Лионель Месси коштогон Аргентинанын футболчулары Исландия менен ойноп, жалпы эсеп 1:1 менен жыйынтыкталды.
Таймаштын жүрүшүндө Лионель Мессиге карата айып аянтчанын ичинде эреже бузулуп, белгиленген пенальтини Аргентинанын капитаны Месси голго айланта алган жок.
Ал эми “С” тайпасынын фаворити Франция Австралия менен ойноп, 2:1 эсебинде утуп, үч упайга ээ болду. Алдыда Перу жана Дания өлкөлөрү оюн көрсөтүшмөкчү.
Бүгүн Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын үчүнчү күнү. Учурда “А” тайпада Орусия менен Уругвайда үчтөн упай бар, мындан башка “В” тобунда Иран жалгыз жеңиш менен тайпада көч баштады. (SDz)