Словакия: Ян Куциактын өлүмү боюнча далилдер жок кылынганы айтылууда
Словакиянын полициясы журналист Ян Куциак менен анын сүйлөшкөн кызы өлгөн жердеги далилдерди байкабай жок кылып алганын маркумдун үй-бүлөсүнүн адвокаты Даниэль Липшиц Reuters агенттигине билдирди.
Анын айтымында, маркумдардын сөөгү судмедэксперттин алдын ала текшерүүсү жок эле башка жерге которулган. Мындан улам алардын өлгөн убактысы туура эмес аныкталып калган. Полиция кызматкерлери окуя болгон жерге Кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча улуттук агенттиктин тажрыйбалуу изкубарларын чакырууга тийиш болчу. Липшиц айрым далилдер полиция келгенден кийин дароо тосмолонбой, сүрөткө гана тартылып калганын кошумчалады.
Reuters Словакиянын атайын прокуратурасы журналисттин өлүмү боюнча баштапкы тергөө иштеринде мүчүлүштүк бардыгын буга чейин моюнга алганын эске салды.
Журналист Ян Куциак менен анын сүйлөшкөн кызынын сөөгү 25-февралда Галанта аймагындагы үйүнөн табылган. Муну бийлик жана жергиликтүү журналисттер анын кесиптик ишмердигине байланыштырышкан.
Ушундан кийин өлкөдө саясий кризис жаралып, Словакия өкмөтү кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.
Куциак Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөөчү эл аралык борбор менен кызматташчу. Ал словак премьер-министри Роберт Фицого жакын ишкерлер жана аткаминерлер мафия менен тыгыз байланыштагы италиялык ишкерлер менен табакташ экенин жазып чыккан.