УКМКнын коркунучтарды талдоо жана аныктоо кызматын Жакыпбек Байымбетов жетектейт
Жакыпбек Байымбетов УКМКнын Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Аталган кызматты буга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов жетектеген. Президент аны бул кызматтын жетекчилигине 7-апрелде дайындап, эки жумадан кийин УКМКнын төрагасы болуп бекитилген.
Бул кызматтын жетекчиси УКМКнын төрагасынын орун басары рангында болот.