Депутаттар менчикке берилген жерлерди иликтөөнү талап кылышты
Жогорку Кеңештин бир нече депутаты Бишкектин түштүк аймагындагы жерлердин жеке менчикке кандайча берилип кеткенин иликтөөнү талап кылды. Алардын бири депутат Наталья Никитенко бул жерге бийик кабаттуу үйлөрдү кимдер, кайсы документтин негизинде куруп жатканына кызыкты.
- Коомчулукка белгилүү болуш үчүн шаардагы түштүк магистрал аймагындагы жерлердин берилип кеткени боюнча ачык иликтөө башталышы керек. Эмненин негизинде жер берилди эле? Кылмыш иши козголгону белгилүү болсо дагы азыркыга чейин курулушу уланып жатат.
Буга чейин бул маселени депутаттар Жанар Акаев, Акылбек Жамангулов дагы көтөрүп чыккан.
“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү Бишкектин түштүк аймагындагы республикалык административдик-маданий-иш борбор курулат делген 187 гектар жердин чоо-жайын иликтеген болчу. Анда аталган жер 22 гектарга кыскарганы аныкталган. Калганы мэриянын чечими менен жеке колдорго ижарага берилип кеткен. Арзыбаган акчага жер алгандардын арасында “Ихлас” компаниясы да бар болчу. (TSh)